Айтурган Абдразакова - Сенин көзүң
- Слушали: 299
- Качество: 320 kbps
- Длительность: 3:43
- Размер: 8.5 Mb
- Дата релиза: 23.07.2026
Слушать онлайн
Скачать MP3 (320 kbps)
Текст песни
Сенин көзүң түпсүз терең туңгуюктан жаралган
Сезгим келет махабатты сенде турган жанардан
Өзүң гана өрт сезимди жан дүйнөмө жагалган
Өзгөрөмүн сени көрсөм сүйүү кетпей санаамдан
Караганың арбап алаар касиеттүү бак мага
Күлмүңдөгөн жүзүң сенин, башкалардан башка да
Сага деген сан ойлорум кирсиз тунук ак гана
Сен бар асман ачык мага нөшөр төгүп жатса да
Толуп турган каректериң агарган бир таң бекен
Жүрөгүңдүн актыгычы, ак булут же кар бекен
Сенсиз өткөн күнүм көрксүз сен бар күнүм шаң бекен
Сени сырттан сүйүп жүргөн мендей адам бар бекен
Бул ааламда сенден артык жан бар десе көнбөймүн
Бар болсо да мен ошого көп ишене бербеймин
Өзгөлөрдөн бөлүнөсүң боло алмак сендей ким?
Көзүм көрөт бирок сенден бөлөк жанды көрбөймүн
Махабаттын дайрасына толкунумду тартамын
Жүрөгүмө сезимдердин толо жүгүн артамын
Унчукпаган адам элем жашыруудан чарчадым
Ушу бир күн сага барып сүйөрүмдү айтамын
Категория → Новые песни 2026
Похожие треки
Рекомендуем к прослушиванию