Бакас - Жан кызым

  • Слушали: 269
  • Качество: 320 kbps
  • Длительность: 3:02
  • Размер: 6.96 Mb
  • Дата релиза: 27.07.2026
Слушать онлайн
Скачать MP3 (320 kbps)
Текст песни
Жараткандан бакыт тилеп сурангам,
Төрөлгөндө кубангам
Сени менен кызык мага бул аалам
Кызгалдагым жайнап турган.
Ай чырайы таза, тунук татынам
А көздөрүң деңиз сымал чалкыган.
Жамандандыктан коргоп дайым өзүңдү,
Жаныңда мен бар турам.
Жан кызым, сен менин жан ардагым,
Жүрөгүмдү ээлеген жалгыз менин махабатым, кызым
Жан кызым, сен менин жан ардагым,
Сен бактылуу боло көр ак батамды арнайын, кызым
Кызым жаратканым сени мага бергенде
сени менен бирге кут-береке,
ырыскы, мээрим, сабыр бардык жакшы нерселер кошо берилди, көлөкөм!
Сенин күлкүң менин жашоомдогу эң кооз добуш, асылзаадам!
Менин көзүм турганда сен эч качан, эч нерседен коркпо, балапаным!
Сен үчүн мен бул дүйнөнүн нечендеген тоскоолдуктарына
каршы турууга даярмын, периштем!
Кээде, сен жөн гана жылмайып койсоң,
мен тирүүлүктүн бардык чарчоосун унутам, шириним!
Атаңдын мээрими дайыма сени менен кызытайым!
Категория → Новые песни 2026