BAKR, FREEMAN 996 - 11
- Слушали: 10
- Качество: 320 kbps
- Длительность: 3:17
- Размер: 7.52 Mb
- Дата релиза: 10.09.2026
Слушать онлайн
Скачать MP3 (320 kbps)
Текст песни
Сен өзгөчөсүң, сен такыр башкачасың.
Алар сүйлөй берет, эмнеге башыңды оорутасың?
Кээде мени уялтасың, кайра менден уяласың.
Ортосунда жаздын
сага саптарымды жаздым.
Сен өзгөчөсүң, сен такыр башкачасың.
Каректериң көрбөй калуудан Кудай сактасын.
Төкпөй-чачпай айтып берчи, эмнеге капасың мага?
Ортосунда жаздын
сага саптарымды жаздым.
Бирок сага бара албадым,
сени баалай албадым окшойт.
Далай алдадым, эми кандай адаммын – билбейм.
Кайра бара албадым,
сени баалай албадым окшойт.
Далай алдадым, эми кандай адаммын – билбейм.
Түтүндү түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп,
түтүндү түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп.
Түгөнүп баратам,
күндөрдү барактап.
Сезимди обонго
түшүрүп, ыр жаратам.
Чоочунбуз бир заматта,
мен болсо адатта
сагынып самадым го
11-кабатта.
Бир бөлмөлүү батирде, 11-кабатта,
туйлатып жүрөктү, турмушум баратат.
Көөдөнүм сага суусап, издеймин ар тараптан.
Илиястай Долондон кайрып алдым канатымды.
Сендеги керемет жалгыз сенде чандашат.
Негедир биздин сүйүү кетти окшойт адашып.
Чынын айтсам, сага бардык нерсе жарашат,
бирок түбөлүккө биз болбодук жанаша
Категория → Новые песни 2026
Похожие треки